МВД КР МВД КР МВД КР

ШАБИРОВ ДЖАПАР ШАБИРОВИЧ

Джапар Шабирович Шабиров, 1920-жылы 1-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.
1921-жылы ал 1 жашка толгондо анын атасы Улаев Шабир дүйнөндөн кайткан. Атасы өлгөндөн кийин апасы күйөгө тийген. Дж.Шабиров өзү атасынын алысыраак тууганы Куренкеев Бегалынын колунда чонойгон.
Дж.Шабиров өзүнүн биринчи өз алдынча эмгек ишмердүүлүгүнө чейин туугандарынын колунда тарбияланып жүргөн. Дж.Шабиров 1936-жылга чейин Ысык-Көл районунун Кара-Дөбө айылынын мектебинде окуган жана 5 классты “эн жакшы” менен аяктаган. 5 классты аяктагандан кийин Дж.Шабиров Түп айыл-чарба техникумуна тапшырган. 1938-жылы Дж.Шабиров комсомолдордун катарына кабыл алынган. 1941-жылы ал жогоруда көрсөтүлгөн техникумду “кенже зоотехник” боюнча адистигин артыкчылык менен аяктаган. Ушул эле жылдын январь айында ВКПнын мүчөлүгүнө кирген. Техникумду аяктагандан кийин ошол эле техникумга окутуучу болуп иштеген. 1942-жылдын ноябрында Кыргыз Компартиясынын областык комитетинин багыттамасы боюнча Дж.Шабиров ички иштер органдарына кызматка кабыл алынган жана СССР НКВДнын Алма-Ата шаарындагы аймак аралык мектебин ийгиликтүү аяктаган. 1943-жылы Дж.Шабиров өзүнүн энеси Аймамбетова Чүрөк менен жолуккан жана Дж.Шабиров менен биргеликте анын колунда жашашкан. 1944-жылы Дж.Шабиров Кыргыз ГККПнын Пржевальскийдеги ВКПнын мүчөсүнө кабыл алынган. 1943-1946-жылдары Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгында аймактык тескөөчү, НКВДнын Түп райондук оперуполномоченныйы, андан кийин уполномоченный, улук уполномоченный, областык ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 1946-1947-жылдары СССР НКВДнын Москвадагы жогорку офицердик мектебинде окуган. 1947-жылы СССР НКВДнын 2 жылдык жогорку офицердик мектебин аяктагандан кийин, 1 бөлүмчөнүн начальнигинин орун басары болуп, 1948-жылы Ысык-Көл областы боюнча ИИМдин Башкармалыгынын ОББ (кылмыштуулук менен күрөшүү) боюнча 2 бөлүмчөнүн начальниги болуп дайындалган. 1949-жылы апрель айында Кыргыз ССРнын ички иштер министринин орун басары подполковник А.В.Соколовдун сунуштамасы боюнча, Дж.Шабировду Кыргыз ССР ИИМдин кадрлар бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына дайындашкан. 1950-жылдын майында Кыргыз ССРдин ички иштер министри 3-рангдагы милициянын комиссары Н.Москов Москвага улук лейтенант Дж.Шабировду Кыргыз ССРдин ички иштер министрлигинин кадрлар боюнча министрдин орун басары кызмат ордуна дайындоону сунуштайт. 1952-жылы январь айында Кыргыз ССР ички иштер министри Н.Москов мөөнөтүнөн мурда “майор” наамын берүү жөнүндө капитан Дж.Шабировдун аттестацияланган документтерин жөнөткөн. СССР ИИМдин жетекчилиги мөөнөтүнөн мурда наамды ыйгарууну токтотуп турушкан. Ушул эле жылдын апрель айында Кыргыз ССРнын ИИМдин жетекчилиги экинчи жолу мөөнөтүнөн мурда “майор” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштама беришет, бирок 1953–жылы 7-декабрда гана СССР ИИМдин буйругу менен ага мамлекеттик коопсуздуктун “майор” наамы ыйгарылат. 1953-жылдын 1-июлунан тартып 1954-жылдын январына чейин Дж.Шабиров Фрунзе областы боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. 1954-жылы январь айында Кыргыз ССРдин ИИМдин КБнын начальниги болуп дайындалган, ошол эле жылы апрель айынан баштап кайрадан эле ички иштер министринин орун басары жана Кыргыз ССРнин ИИМдин коллегиясынын мүчөсү болгон. Ушул эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университтеттин юридика факультетин аяктаган. Дж.Шабиров 1957-жылдын февраль айынан 1959-жылдын февралына чейин Кыргыз ССРдин ички иштер министрлигинин биринчи орун басары кызмат ордун аркалаган. 1959-жылдан 1969-жылга чейин ал Ош областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Милициянын 3-рангдагы комиссары (милициянын генерал-майору) наамы ага 1963-жылы ноябрь айында ыйгарылган. Ыкчам-оперативдүү жана башкаруу ишмердүүлүгүндө топтолгон зор тажрыйбасын эске алып, СССР Ички иштер министрлигинин 1969-жылдын 14-августундагы № 592 өздүк курам боюнча буйругу менен милициянын 3-рангадагы комиссары биринчи ачылып жаткан СССРдин ИИМнин Фрунзедеги атайын орто мектебине начальник болуп дайындалган жана 62 жашында Жобого ылайык СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан отставкага чыгарылган. 1983-жылдан жана өмүрүнүн акырына чейин Дж.Шабиров Кыргызстан ИИМдин Арадгерлер кенешин жетектеген, Кыргыз милициясынын тарыхынан маалыматты музейге берүү үчүн материалдарды чогултууда жигердүү катышкан. Кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымы үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, бир канча медалдар, төш белгилер жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин ардак грамоталар менен сыйланган. Ал Кыргыз Компартиясынын 7-съездинин делегаты, Фрунзе шаардык жана Ош областык элдик депутаттар кенешинде мүчө болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-майындагы № 230 токтому менен, биринчи начальнигинин сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын орто мектебине милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабировичтин аты ыйгарылган жана анын айкели (бюст) орнотулган. Ал жерге гүлчамбарларды коюу жана сүрөткө түшүү менен салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Милициянын генерал-майору Дж. Шбиров 1993-жылы 2-марта бул дүйнөдөн кайткан. Анын аты өзү туулуп өскөн Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Орто-Арык айылындагы мектепке да ыйгарылган.

ШАБИРОВ ДЖАПАР ШАБИРОВИЧ

Шабиров Джапар Шабирович родился 1 июля 1920 года в селе Урюкты Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области. В 1921году, когда ему исполнился 1 год, ушел из жизни его отец Улаев Шабир. После смерти отца мать вышла замуж. Сам Дж.Шабиров воспитывался у дальнего родственника отца- Куренкеева Бегалы. На воспитании у родственников Ж.Шабиров находился до первых дней своей самостоятельной трудовой деятельности. Дж.Шабиров до 1936 года учился в сельской школе с. Кара-Дюбе Иссык-Кульского района, где окончил 5 классов на “отлитчно”. После 5 классов сельской школы, Дж.Шабиров поступает в Тюпский сельскохозяйственной техникум. В 1938 году Дж.Шабиров был принят в ряды комсомола. В 1941 году он оканчивает вышеуказанной техникум с отличием, по специальности 2младший зоотехник” В январе того же года, он был принят кандидатом в члены ВКП. После окончания техникума работает там же преподавателем. В ноябре 1942 года по направлению областного комитета Компартии Киргизии Дж.Шабиров был принят на службу в органы внутренних дел и успешно завершает Алма-Атинсую межкраевую школу НКВД СССР. В 1943 году Дж.Шабиров встретился со своей родной матерью Аймамбетовой Чурек, которая стала жить вместе с Жапаром Шабировым на его иждивении. В 1944 году Дж.Шабиров был принят в члены ВКП Пржевальским ГККП Киргизии. В 1943-1946 годах он работает в Иссык-Кульском областном управлении внутренних дел, участковым инспектором, оперуполномоченным Тюпского райотдела НКВД, затем уполномоченным, саршим уполномоченным, начальником отдела областного управлеия внутренних дел. В 1946-1947 годах обучался в Московской высшей офицерской школе НКВД СССР. В 1947 году после окончания 2-х годичной офицерской школы НКВД СССР Дж.Шабиров был назначен заместителем начальника 1 отделения, а с 1948 года начальником 2 отделения ОББ (отдела по борьбе с бандитизмом) Управления МВД по Иссык-Кульской области. В апреле 1949 года по ходатайству заместителя министра внутренних дел Киргизской ССР подполковника Соколова А.В., Дж.Шабирова назначают на должность заместителя начальника отдела кадров МВД Киргизской ССР. В мае 1950 года министр внутренних дел Киргизской ССР комииса милиции 3 ранга Н.Москов, ходатайствует перед Москвой о назаначении старшего лейтенанта Дж.Шабирова на должность заместителя министра внутренних дел Киргизской ССР по кадрам. В январе 1952 года министр внутренних дел Киргизской ССР Н.Москов, направляет аттестационные материалы на капитана Шабирова Дж., о досрочном присвоении ему звания “майор”. Руководство МВД СССР от досрочного присвоения звния воздержались. В апреле этого же года руководство МВД Киргизской ССР вторично ходатайствует о досрочном присвоении ему звания “майор”, но только 7 декабря 1953 года приказом МВД СССР ему присваивается звание “майор” госбезопасности. С 1 июля 1953 года по январь 1954 года Ж.Шабиров работает заместителем начальника управления по Фрунзенской области. В январе 1954 года был назначен начальником ОК МВД Киргизской ССР, а с апреля того же года снова заместителем министра внутренних дел Киргизской ССР и членом коллегии МВД Киргизской ССР. В том же году он окончил юридический факультет Киргизского государственного университета. Дж.Шабиров с февраля 1957 года по февраль 1959 года проработал в должность первого заместителя внутренних дел Киргизской ССР. С 1959 по 1969 годы он проработал начальником управления внутренних дел Ошской области. Звание комиссара милиции 3 ранга (генерал-майора милиции) ему было присвоено в ноябре 1963 года. Учитывая большой накопленный опыт в оперативной и управленческой деятельности, приказом МВД СССР № 592 л/с 14.08.1969 года комиссар милиции 3 ранга Дж.Шабиров был назначен на должность впервые открывшейся Фрунзенской средней специальной школы МВД СССР, где проработал до декабря 1982 года и в возрасте 62-х лет был уволен в запас ВС СССР на пенсию согласно Положению. С 1983 года и до конца своей жизни, Дж.Шабиров возглавлял Совет ветеранов МВД Кыргызстана, активно участвовал в сборе материалов для музея истории Кыргызской милиции. За образцовое выполнение служебного долга и заслуги в деле борьбы с преступностью Дж.Шабиров был награжден орденом Трудового Красного знамени, многочисленными медалями, нагрудными знаками и почетными грамотами Верховного Совета Киргизской ССР. Он был делегатом 7 – съезда Компартии Киргизии, депутатом Фрунзенского городского и Ошского областного совета народных депутатов. Учитывая заслуги первого начальника ФССШМ МВД СССР, Постановлением Правительства КР № 230 от 14.05.2001 года, ССШМ МВД присвоено имя генерал-майора милиции Дж.Шабирова, установлен бюст и все торжественные мероприятия, проводящиеся там, сопровождаются возложением цветов и фотографированием возле его бюста. Генерал-майор милиции Дж.Шабиров умер 2 марта 1993 года. Его именем также названа школа в его родном селе Орто-Арык Иссык-Кульского района, Иссык-Кульской области.