1 декабря 2023 г. 14:25
2023-жылдын 1-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунда талапкерлердин бүтүрүү салтанаты өткөрүлүп, талапкерлер окууларын ийгиликтүү аякташты.
Аталган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын отставкадагы генерал-майору М.Д.Каниметов, милициянын отставкадагы генерал-майору Т.А.Асаналиев, Борбордун ардагерлер кенешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги К.О.Сатыбалдиев, бүтүрүүчү талапкерлердин ата-энелери жана башка чакырылган коноктор катышты.
Иш-чара милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабировдун эстелигине гүлчамбар коюп, генералыбызды эскерүү менен башталды.
Салтанатта жүрүшүндө Борбордо окуу мезгилинде окуудагы ийгиликтери, үлгүлүү жүрүм-туруму, маданий-массалык жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыктары үчүн тандалган талапкерлерге сыйлыктары тапшырылды.
Андан тышкары, иш-чарада талапкерлердин аткаруусунда обондуу ыр, "Мен патриот" флешмоб, милиция маршы номерлерин аткаруу менен коштолду.