Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Гербинин 30 жылдыгына карата "Кыргызстан-тынчтык, ынтымак жана коопсуздук" аталышындагы футболдук турнир өткөрүлдү.

15 января 2024 г. 10:20

img

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгынын талаптарына ылайык жана ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык  окуу борбору менен Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) кызматташтыгынын алкагында достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоо, ошону менен бирге жаштар, өспүрүмдөр арасында спортту жана кыргыз милициясынын кызматын  популяризациялоо, патриоттуулукка үндөө  максатында, 2024-жылдын 13-январында Республикалык окуу борбордун базасында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Гербинин 30 жылдыгына карата "Кыргызстан-тынчтык, ынтымак жана коопсуздук" аталышындагы футболдук турнир өткөрүлдү.

Аталган футболдук турнирде төмөнкү командалар ат салышты.

1. Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитеттин (УКМК)антитеррордук борборунун кызматкерлеринен түзүлгөн командасы.

2. Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлеринен түзүлгөн командасы.

3. ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлеринен түзүлгөн командасы.

5. Борбор калаабыздагы Герман Гмайнер атындагы тарбия билим берүү комплексинин 5-классынын жана N 50 орто мектептин 5-классынын окуучуларынан түзүлгөн командасы.

6. ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлеринен түзүлгөн командасы.

Бул спорттук иш-чаранын уюштуруучусу  милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын ишмердүүлүгүн колдоо Ассоциациясынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги, милициянын отставкадагы полковниги Мамыров Шамшыбек Сабырбекович болуп, спорттук иш-чараны жетекчиликке алды.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында жеңишке жетишкен төмөнкү жеңүүчү командаларга орундуктары боюнча сыйлыктары тапшырылды.

Мектеп окуучулары арасында:

1- орун N 50  окуучуларынын биринчи командасы.

2- орун  N 50 мектептин экинчи окуучулар командасы.

3- орун  Герман Гмайнер атындагы тарбия билим берүү комплексинин окуучулар командасы.

Чондор арасында:

1-орун  ЕККУнун кызматкерлери.

2-орун РОБдун кызматкерлери.

3-орун УКМКнын кызматкерлери ээледи.