Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунда өткөрүлгөн кош салтанат

20 сентября 2023 г. 11:10

img

2023-жылдын 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунда мамлекеттик тил күнү менен катар талапкерлердин бүтүрүү салтанаты  белгиленди. Аталган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.Э.Орозакунов, Борбордун ардагерлер кенешинин мүчөлөрү милициянын отставкадагы полковниктери Т.К.Кушбеков, З.К. Салыбаев, Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИББнын, ИИМдин Академиянын, Бишкек шаарынын, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери, борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын тил адистери, ИИМдин Басма сөз кызматынын өкүлдөрү, РОБдун жетекчилиги жана өздүк курамы катышты. Талапкерлердин бүтүрүү салтанатына арналган иш-чарада  Борбордо окуу мезгилинде окуудагы ийгиликтери, үлгүлүү жүрүм-туруму, маданий-массалык жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыктары үчүн тандалган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар  кеңеши жана Борбордун жетекчилиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, ушул салтанатка утурлай эле, Республикалык окуу борборунун базасында мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана көйгөйлүү маселелери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Борбордун башчысы милициянын полковниги Б.Дубанаев тегерек столду ачып, мамлекеттик тилдин тарыхы, азыркы абалы жана аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу баяндама жасап, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. Тегерек столду ИИМдин Башкы штабынын тил бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын полковниги  А.Орозакунов өзү жетекчиликке алып, келген конокторго ырааты менен сөз берип, тил маселесине байланышкан маселелерди талкуулашты. Тегерек столдун жүрүшүндө улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролу, ички иштер органдарындагы кесиптик коммуникацияда мамлекеттик тилди колдонуу, өнүктүрүү,  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жайылтуу, «КРнын мамлекеттик тили жөнүндө» ченемдеринин аткарылышын камсыздоо маселелери талкууланып, аны чечүүдө  жооптуу кызматкерлердин, жетекчилик курамдын жана жалпы эле ИИОнун кызматкерлеринин ролу тууралуу сөз болду.